• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Улан Саляновдун өлүмү боюнча саясий себеп каралган жок

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.17. /Кабар/. Улан Саляновдун өлүмү боюнча бир нече версия каралууда. Бирок саясий себеп каралган жок,-деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду.

КР ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2017-жылдын 6-ноябрында нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Аламедин районундагы Көк-Жар айылында кол салуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери такташкандай, 6-ноябрга караган түнү түнкү саат 01:30 чамасында бир нече беткап кийген белгисиз адамдар Көк-Жар айылында жашаган Улан Саляновдун үйүнө бастырып киришкен.

Алдын ала болжолдуу маалыматка караганда кылмышка шектүүлөр 42 жаштагы Улан Саляновго эки жол ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жабыркаган Салянов аймактык ооруканага жеткирилген соң каза болгон. Кол салуу болгон учурда үйдө 42 жаштагы үй ээси, жубайы жана 17 жаштагы уулу болгон. У.Салянов депутат Аида Салянованын бир тууган иниси болот.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, шектүүлөр ак түстөгү минивен үлгүсүндөгү унаага түшүп, из жашырып кетишкен. Издөө ишине КР ИИМи, Бишкек ШИИБи жана Чүй ОИИБси тартылган.

Пикир

Оставить комментарий