• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, ИИМ Тергөө кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмыш белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жалпы суммасы 253 миң 500 доллар турган тамеки продукциясын, бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвиядан Афганистанга өткөрүүгө аракет кылуу фактысын аныкташкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча 9-январь күнү Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмышка шектүү катары Мамлекеттик бажы кызматынын 38 жаштагы М.Б. аттуу кызматкери кармалган.

"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30-январь күнү жалпы суммасы 200 миң 200 доллар турган тамеки продукциясына бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 миң доллар акча каражатын берүү учурунда Россия жана Казакстандын жарандарынан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү – 42 жаштагы К.Д., 48 жаштагы Н.К., 34 жаштагы Ж.Н., 46 жаштагы Т.Н. кармалды. Соттун чечими менен кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды", - деп билдиришти министрликтен.

ИИМден билдиришкендей, 5-февраль күнү Бажы кызматынын кызматкерлерине тамеки продукцияларына бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 миң доллар акча каражатын берүү учурунда Беларус Республикасынын С.Ю. аттуу жараны кармалган. Соттун чечими менен кармалган жаран Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий