• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Улуттар арасындагы кастыкты козутууга аракеттенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Коом 0

Бишкек, 14.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык ички иштер органдары күн сайын социалдык тармактардагы, мессенджерлердеги материалдарды көзөмөлдөөдө.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кастыкты же араздашууну козутууга жана расасы, улуту, тили, этносу боюнча адамдардын ар-намысын кемсинтүүгө багытталган маалыматтар аныкталган учурда дароо тиешелүү чаралар көрүлөт.

"Региондор ортосундагы (улуттар ортосундагы) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертебиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдоону сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий