• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Акыркы саатка карата 70 маалымат келип түштү

Коом 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Акыркы сааттарга карата 70 маалымат келип түштү, анын ичинен 3 иш кылмыш катары катталды, бузуулар боюнча 7 маалымат катталды, 29 иш учурда каралып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, 70 маалыматтын ичинен Ош шаарында – 23, Ош облусунда – 5 маалымат, Чуй облусунда – 7, Бишкек шаарында – 18, Баткен облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4, Нарын облусу боюнча – 6 маалымат катталган.

С.Макилов бул 20.00го чейинки катталган маалыматтар экенин, андан кийин катталгандар боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий