• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Ыкчам кызматкерлер тарабынан издөөгө алынган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Ыкчам кызматкерлер тарабынан издөөгө алынган жаран кармалды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 2022-жылдын январында издөөгө алынган жарандын жүргөн жерин аныктоо жана аны кармоо ыкчам иштерди жүргүзүшкөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан 1983-жылы туулган Д.А., аттуу жаранды кармашты. Мурда анын аты-жөнү башка болгон: 1983-жылы туулган С.В.

ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

"Буга чейин ал ири өлчөмдөгү акча каражатындагы алдамчылыкка шектелип кармалган. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ал үй камагында жүргөнү менен соттун чакырууларына барбай койгон. Ушуга байланыштуу соттук отурум үч жолу башка күндөргө жылдырылган. 2021-жылдын декабрында сот тарабынан үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлгөн. Жакында соттун токтомуна ылайык, издөөдө жүргөн1 983-жылы туулган жаран Д.А. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий