• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ИИМ: Ысык-Көл районунда жергиликтүү тургундардын жардамы менен 9 кошумча пост орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Ысык-Көл районунда жергиликтүү тургундардын жардамы менен 9 кошумча пост орнотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Күч органдары тарабынан жергиликтүү тургундарга, анын ичинен өзгөчө жакынкы арада чет мамлекеттен келген жарандарга карантиндик режимдин талаптарын сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери түздөн-түз жер-жерлерде, көчөлөрдө, коомдук жайларда жана обсервация пункттарында коронавирус илдетин алдын алууга жана жайылуусуна бөгөт коюуга багытталган эскертүү чараларын жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаал жана өчгөчө абал режиминин талаптарын сактоосун көзөмөлдөө милиция кызматкерлерине жүктөлгөн.

Коронавирус илдетинин аныкталгандан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери башка мамлекеттик органдары менен биргеликте коронавирус илдетин алдын алуу боюнча зарыл болгон чараларын жүргүзүүдө. Райондун аймагында алдын алуу максатында 4 санитардык-карантиндик пост орнотулган, аларда күнү-түнү нөөмөттө башка тиешелүү кызматтардын кызматчылары менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Ошондой эле коронавирус илдетин алдын алуу боюнча негизги эрежелерин жарандарга жеткирүүгө атайын үн чыгаруучу унаа аркылуу уюштурулууда. Азыркы учурда Ысык-Көл районунун аймагында коронавирус илдетин жуктуруп алган жарандар аныкталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий