• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Ысык-Көлдө инспектор кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздап, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жол кыймылынын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздап, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Түп жана Ак-Суу райондорунун аймагында илдеттин алдын алуу жана таралышына жол бербөө максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери санитардык-карантиндик посттордо жана фильтрациялык посттордо тынымсыз кызматын өтөшүүдө.

Мындан тышкары, Каракол шаарынын ичинде беш мобилдик топ түзүлүп, жергиликтүү эл арасында илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алып, айдоочуларга өзгөчө кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жарандарды одоно жол кыймыл эрежелерин бузбоого чакырат. Мыйзам бузган жол кыймылынын катышуучуларына жана өзгөчө кырдаал тартибин бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгын эске салат.

Пикир

Оставить комментарий