• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда Ысык-Көл облусундагы “Радуга” эл алуу жайында эс алып жаткан 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.

Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Адылбек Апышев жардамга чакырган үндү угуп дароо пирстен сууга секирип, аялды куткарып калган.

Эс алуучуну куткарып калган милиция кызматкери Адылбек Апышевге анын жакындары ыраазычылыгын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий