• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-октябрында КР Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына ыкчам маалымат түшүп, 2020-жылдын март айында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын түштүк тарабында жайгашкан дамба жер тилкеси жагында 2 бейтааныш адам жашыруун түрдө белгисиз буюмдарды көмүп жаткандыгы маалым болгон.

Алынган маалымат Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси ("Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы ШИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө тапшырмасы алынып, Кыргыз Республикасынын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам–издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2020-жылдын 7-ноябрында Балыкчы ШИИБнин кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте жеринде издөө иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо жана Арчалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги дамбанын түндүк тарабы жакта таштарга көмүлгөн көгүш түстөгү спорттук сумка табылып, анын ичинде:

- 1 даана номуру жок, АКСУ-5,45 мм үлгүсүндөгү сайлуу, бир даана магазини менен ок атуучу куралы, 30 даана огу;
- аскердик жардыруучу граната, кольцосу менен;
- 2 кара түстөгү беткап;
- кара түстөгү 2 жуп кол кап;
- 1 даана скотч;
- 1 даана колго жасалган, кармагычы жыгач бычак;
- 1 даана 8,5 метр аркан;
- 1 даана ак түстөгү целофанга оролгон өзгөчө жапайы кендир жыты бар күрөң жашыл түстөгү, майдаланган салмагы 70 граммды түзгөн заты (канабис);
- 3 даана ичи бош, сыртында медициналык этил спирти деп жазылган бөтөлкөлөрү болгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн буюмдар далил зат катары алынды. Аталган факт боюнча соттук-химиялык, соттук-балистикалык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-криминалисттик экспертизалар дайындалды.

Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий