• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Ысырапкорчулукка жол бербөөгө багытталган жарлык эл арасында колдоого алынууда

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Ысырапкорчулукка жол бербөөгө багытталган жарлык жарандар арасында колдоого алынууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында ИИМдин “Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлерине жана жарандарга маалыматтык – түшүндүрүү өнөктүгүн уюштуруу жөнүндө” тескемеси чыгарылып, ИИОнун бардык кызматтарына, башкармалыктарына, өзүнчө бөлүктөрүнө жана Ички аскерлерине жиберилген.

Биринчи кезекте ИИОнун кызматкерлеринин арасында Жарлыктын мааниси түшүндүрүлүп, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө керектиги айтылган.

Андан соң, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыкты жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулган. Алар мечиттерге жума намазка келген жарандар менен жолугушуп, бул Жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришкен.

Ошондой эле жер-жерлердеги шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, балдар иштери боюнча инспекторлору жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандар менен жолугушууларды өткөрүшүп, Жарлыктын мааниси, үрп-адаттарды, тойлорду жана маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка мааракелерди өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жаатында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бул багытта жалпы 9 358 иш-чаралар уюштурулган.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар өлкө башчысынын бул жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкорчулук элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий