• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Өз баласын аёсуз сабаган адамдын өздүгү такталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Өз баласын аёсуз сабаган адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан өз баласын сабаган жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

"Бүгүн Интернетте жана WhatsApр тиркемесинде болжол менен 3-4-класста окуган баланы сабаган видео тараган. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, баланын сабаган адамдын өздүгү такталган. Маалым болгондой, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, анын жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж., аттуу жаран экендиги да такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган жаран үй-бүлөсү менен 2019-жылдын 16-октябрында Россия Федерциясына учуп кеткендиги аныкталган.

"Учурда аталган маалымат боюнча КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүүдө", - деп кошумчалашты ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий