• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Өз баласын сабаган кыргыз жаранына карата РФнын мыйзамына ылайык кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Батирде өз баласын сабаган Кыргыз Республикасынын жаранына карата РФнын мыйзамына ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 17-апрель күнү бир катар социалдык тармактарда Москвада кыргыз жараны батиринде өзүнүн жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан.

Бул боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодогу адамдын өздүгү такталган. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э., аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды.

Ошондой эле иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен бирге 2019-жылдын 16-октябрында Россия Федерциясына учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.

ИИМден кошумчалашкандай, КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү тарабынан Россия ИИМнин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФнын мыйзамына ылайык, чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Россия ИИМнин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.

"КР жаранына карата Москва шаарынын Кунцево району боюнча Тергөө комитети тарабынан РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен аталган жаран 2 айга камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий