• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан.

"Арызда чала тааныш адам аялдын ишенимине кирип, баасы 5 миң АКШ доллары турган Toyota үлгүсүндөгү автоунаасын сатууга көндүрүп, акчасын карызга алган. Карызга алган акча каражатын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресстик абалга жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь райондук милициясынын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 136-беренеси ("өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматы дагы тартылган.

Жакында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдын өздүгү такталып, ал кармалды.

Кармалган жаран мурда соттолгон Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган М.К. аттуу тургуну болот.

Алынган маалымат боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий