• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Өздөрүн жогорку кызматтагы адамдар катары тааныштырып, адамдарды алдап жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Өздөрүн жогорку кызматтагы адамдар катары тааныштырып, жабырлануучуларды алдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери көптөгөн укукка каршы аракеттерди жасап, соттолгон жана жазасын өтөп жатышкан алдамчыларды аныкташты.

2020-жылдын кыш айында укук коргоо органдары телефон алдамчылыгы фактысы боюнча иликтөөлөрүн жүргүзө башташкан. Бул укукка каршы аракеттерге эркиндигинен ажыратылган жайда жазасын өтөп жаткан 1987—жылы туулган К.Т.нын тиешеси бар болгон.

Кызматтык орундардан жогорулатуу шылтоосу менен ал ар кандай жооптуу кызматтагы адамдарга чалып жүргөн. Бир жолу ал министрликтердин биринин кабылдамасына чалып, өзүн “мамлекеттик органдардын аппаратынын” кызматкери катары тааныштырып, аны менен байланышуусун талап кылган. Кылмышкердин мындай ыкмасы көп учурда иштеп, буларга кайра чалып жүрүшкөн. Андан соң, телефон менен сүйлөшүүдө “жогорку кызматтагы адамдан” маселени чечүү үчүн жардам берүүнү суранган. Бирок башында алдамчылардын кылтагына илинип калганын эч ким түшүнгөн эмес.

Андан сырткары, кылмышкер башка мамлекеттик кызматкерге чалып, ага дагы өзүн “жогорку кызматтагы адам” катары тааныштырып, ар кандай жардамдарды жана кызматтык орундардан жогорулатууну сунуш кылып, алдоо жолу менен акча каражаттарын жана башка буюмдарын ээлеп алган. Акча каражатын жана буюмдарды ал таксист аркылуу берип жиберүүнү суранып жүргөн.

Жабырлануучу кийинчерээк арыз менен ички иштер органдарына кайрылган. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө телефон алдамчылыгына шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан мурда алдамчылык үчүн 5 жолу соттолгон 1987-жылы туулган К.Т., болуп чыккан.

Шектүүнүн мындан башка фактыларга дагы тиешеси бардыгы аныкталды. Жазасын өтөп жатып К.Т., мамлекеттик уюмдардын жетекчилеринин телефондорун таап, өзүн жогорку кызматтагы адам катары тааныштырып, аларды алдап жүргөн. Аларга ар кандай жардамдарды берем деп, акча каражаттарын электрондук капчыктарга котортуп турган.

Телефон алдамчыларынын кылтагына илингендердин көпчүлүгү укук коргоо органдарына арыз берүүдөн баш тартып келишкен. Анткени алардын катышуусу менен болгон окуяны коомчулукка жарыялоону каалашкан эмес. Бирок, кээ бир жабырлануучулар ички иштер органдарына кайрылууну туура көрүшкөн.

2022-жылы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери 1987-жылы туулган К.Т., аттуу жарандын башка дагы телефон алдамчылыгына тиешеси бардыгын аныкташты. Ушул жылдын январь айында шектүү өзүн “жогорку кызматтагы адамдын” ишенимдүү адамы катары тааныштырып, Бишкек шаарынын жашоочусуна чалып, кызматтык орундардан жогорулатууга сөз берип, бир иш-чарага чакырып, электрондук капчыкка 20 миң сом акча каражатын которууну суранган. Текшерүү учурунда эч кандай иш-чара уюштурулбаганы белгилүү болгон.

Бул факт боюнча телефон чалууларын жүзөгө ашырган адамдарды аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. 2022-жылдын 10-февраль күнү ИИМдин КИИБдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде тинтүү жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда жазасын өтөп жаткандардын бөлмөлөрүнөн уруксат берилбеген буюмдар - 4 уюлдук телефон табылып алынган.

Андан сырткары, ИИМдин КИИБдин 3-башкармалыгы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында катталган телефон алдамчылыгын аныкташты.

Башка алдамчылык фактыларын иликтөөнүн алкагында 1 миллион 200 миң сомдук алдамчылык фактыларына тиешеси бар мурда соттолгон Чүй облусунда 1995-жылы туулган жаран М.у.Р., аныкталды.

Дагы бир шектүү Чүй облусунда 1979-жылы туулган Ю.З., алдамчылыктын 36 эпизоду боюнча соттолгон. Бул кармалган жаран 3,5 миллион сомдук чыгашага дуушар кылган телефондук алдамчылыкка катышы бар.

Башында ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда дагы бир соттолгон жаран 1981-жылы туулган А.М., аныкталып, андан бир нече уюлдук телефон табылган. Бул жаран дагы телефон алдамчылыгына шектелүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарга айрым бейтааныш номурлар менен чалуу болгондо сак жана этият болууну, чоочун адамдарга акча каражатын которбоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий