• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Өзгөчө коркунучтуу согушкер изделүүдө (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.10.17. / Нуркыз Сабырова – Кабар/. КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан Россия Федерациясынын Абдуолимов Шакиржон Толкунбаевич аттуу жараны изделүүдө. Ал 1974-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунун Иски-Ноокат айылында туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт, Саха Республикасынын (Якутия) Удачный шаарында Россия Федерациясынын жараны катары катталган.

Абдуолимов өзгөчө коркунучтуу. Сирияга эл аралык террористтик уюмдун “ИМ” катарына кошуу үчүн жарандарды радикалдуу агымдарга кирүүгө активдүү үгүттөп, жөнөтүү менен алектенип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: бою 170 см, чымыр денелүү, физикалык даярдыгы жакшы (бокс жана оор атлетика менен машыккан), ак жуумал, жайык маңдай, кыска кара чачтуу, сакалы бар (сакалын кырып салышы мүмкүн).

ИИМ Абдуолимовду кайда экендиги тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

0-312- 29-10-27, 0-3222-5-64-29 (Ош ШИИБи),

0-3222-4-63-53, 03230-5-21-02 (Ноокат РИИБи),

0-3222-5-59-10, 5-52-44, 0-312-29-10-12 (Ош ОИИБи)

0-3657-5-04-20 (Кызыл-Кыя РИИБи),

0-3622- 5-01-24, 0312-29-00-70 (Баткен ОИИБи),

0-3722-5-28-31(Жалал-Абад ШИИБи),

0-3722-5-13-46, 7-05-30 Жалал-Абад ОИИБи, андан сырткары, 102 жана 0-312-66-23-31 (КР ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө) кайрылып, кабарласаңыздар болот.

Жашыруундуулукка кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий