• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын так аткарууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 11.05.10. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаалдын талаптарын так аткарууга чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 11-майга карата КР аймагындагы өзгөчө бал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарына баш ийбеген (саат 21:00дөн 00:00гө чейинки аралыкта) 38 жаран кармалган. Бир сутка ичинде атайын токтотуучу жайга 7 унаа киргизилди.

Бишкек шаарында – 36, Ат-Башы районунда – 2 эки жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ош шаары жана Жалал-Абад шаары боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган жок.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 5027 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын ичинен 4462 эркек, 565 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Алардын ичинен 3628 жаран эскертилип, 1399 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 384 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги тарабынан көрүлүп жаткан бардык чаралар биринчи кезекте КР жарандарынын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

"Милиция кызматкерлери өзгөчө абал учурунда күнү-түнү иштешти жана өзгөчө кырдаал учурунда дагы ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын күчөтүлгөн тартипте улантат. Өзгөчө кырдаал убагында Ички иштер министрлиги өзүнүн бөлүктөрү аркылуу коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өздук курамы өзгөчө кырдаалдын алкагында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө тартылды. Коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо жана ага жол бербөө максатында санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери медицина, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте нөөмөттө турууда", - деп кошумчалашты ИИМден.

Маалыматка ылайык, бүт өлкө боюнча милиция кызматкерлери калк арасында алдын алуу иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында мобилдик топтор түзүлүп, кайгулдоо жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, санэпидстанция, ӨКМ менен биргеликте санитардык-карантиндик талаптардын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Бардык обсервациялар күнү-түнү милициянын көзөмөлүндө турат. Калк жыш жайгашкан райондордун көчөлөрүндө санитардык коопсуздукту кармануу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

"Ички иштер министрлиги өлкө боюнча өзгөчө кырдаалдын талаптарын аткарууга чакырат. Ошол эле убакта чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз. Жалган маалыматтарды тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматты тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертебиз", - деп баса белгилешти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий