• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ башчысы жаңы кодекстердин айынан милиционерлер жумуштан кетүүдө деген маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Ички иштер министр Кашкар Жунушалиев жаңы кодекстердин айынан милиция кызматкерлери жумуштан кетүүдө деген маалыматты четке какты.

Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында, Жунушалиев жыл башынан бери укук коргоо органдарынан үч милиция кызматкери гана кеткенин билдирди. Алар эмгек сиңирген эс алууга кетишкен, деп кошумчалады.

Министрдин айтуусунда, бүгүнкү күндө өз каалоосу менен арыз жазып кеткендер жок.

"Кызматкерлердин жаңы күчүнө кирген кылмыштык-процессуалдык кодекстердин жана башка мыйзамдардын айынан жумуштан кетип жаткандыгы тууралуу маалымат – ушак", – деп баса белгиледи министр.

"Бирок биз бул жумушта иштегиси келбегендерди кармаган жерибиз жок, каалагандар кете беришсин", – дейт Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий