• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Жалал-Абад облусунда жол көзөмөлчүлөр коронавирустун алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорунда жол көзөмөлчүлөр коронавирус илдетинин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдын алкагында облустун аталган райондорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер жолдогу коопсуздук менен эле бирге жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

"Учурда Аксы районунда башка район-шаарлар менен байланышкан 3, Ала-Бука районунда 6 жана Чаткал районунда 3 жерде санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана райондук милициянын кызматкерлеринен, ӨКМ, саламаттык сактоо кызматкерлеринен жана ыктыярдуу кошуундардан турган топтор менен биргеликте посттордо кызмат өтөөдө", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаал киргизилген убакыттан баштап кызматкерлер жарандарга алдын алуу боюнча туруктуу негизде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүдө. Район аймактарына кирип-чыгуучу автоунааларды дезинфекциялоо жүргүзүлүп, азык-түлүк, дары-дармек, жергиликтүү жашоочулардын күнүмдүк муктаждыгын жараткан товарларды ташыган жүк ташуучу автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсү көзөмөлгө алынууда.

"Ошондой эле жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча посттор уюштурулуп, автоунаанын жүрүүсү чектелди. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан кыймылдап жүрүүчү топтор түзүлүп, жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Иш алып барып жаткан бардык кызматкерлер зарыл болгон атайын коргонуучу кийимдер, беткап, колкаптар жана антисептиктер менен камсыз болгон", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий