• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Жалал-Абадда апта ичинде мыйзамсыз сакталган 13 курал-жарак аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда апта ичинде мыйзамсыз сакталган 13 курал-жарак аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 16-марттан 21-мартка чейин Жалал-Абад облусунун аймагында ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү багытында ыкчам алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада жалпы 13 факты аныкталып, 12 даана сайсыз ок атуучу курал жана 1 даана травматикалык тапанча алынган.

“Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү тургундар арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жакшы натыйжа берип, көпчүлүк учурда жарандар туура кабыл алышууда. Үйүндө чоң атасынан калып калган, же таап алышкандыктарын билдирүү менен ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырган”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жыл башынан бери ок атуучу куралга байланышкан 54 факты аныкталган болсо, былтыркы жылы бул көрсөткүч 51 фактыны түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий