• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ жана прокуратура кызматкерлери адам сатуу кылмыштарын натыйжалуу иликтөө үчүн окуудан өтүшүүдө

Коом 0

Ички иштер министрлигинин жана прокуратуранын кызматкерлери адам сатууга байланышкан кылмыштарды натыйжалуу иликтөө үчүн окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-20-августунда Ош шаарында Кыргызстандын түштүк аймактарынын прокуратура кызматкерлери жана ички иштер органдарынын тергөө кызматтарынын башчылары үчүн "Адам сатууга байланыштуу кылмыштарды иликтөө жана соттук куугунтуктоо, анын ичинде эл аралык кызматташуу жана адамдарды сатуунун курмандыктарына укуктук жана башка жардам көрсөтүү маселелери" аттуу эки күндүк практикалык тренингдер өтүүдө.

Тренингге ички иштер министрлигинин 26 кызматкери жана прокуратуранын 28 кызматкери катышууда.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар адамдарды сатуу боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жана тергөөнүн өзгөчөлүктөрү, эл аралык кызматташуу жана адамдарды сатуунун курмандыктарына укуктук жана башка жардам көрсөтүү боюнча өздөрүнүн маалымдуулугун жогорулатышат.

Тренингде адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми, адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо критерийлери, адамдарды сатуунун курмандыктарын эксплуатациялоонун белгилери, ошондой эле ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Тергөө кызматынын жана Прокуратуранын адам сатууга байланыштуу кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү ролу каралууда.

Окутууну БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин техникалык колдоосу менен КР Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура биргеликте уюштурушту.

ИИМ КМКнын Биринчи башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги М. Жумабаев, ошондой эле КР Башкы прокуратурасынын кызматкерлери, КР Жазык кодекси менен Жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоорун түзүүчүлөр тренингди алып барышты.

Пикир

Оставить комментарий