• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Жарандар арасында диний экстремизмди алдын алууга багытталган семинарлар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-декабрынан 10-декабрына чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын аймактарында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен жарандар арасында радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча семинарлар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын алкагында Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келген "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун жана “Saferworld” эл аралык уюмунун колдоосу менен Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын район-шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн, жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда окутуу–семинарлары өткөрүлдү.

Бул иш-чара "Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдардын менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери" темасында өттү.

Семинардын алкагында катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “КРдагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, “Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмдижана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, видео роликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду.

Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар уюмунун мүчөлөрү канааттандыраарлык жооп ала алышты.

Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу темалары боюнча 1000 ашык нускада буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий