• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ жарандардан майрам күндөрү мыйзамдуулукту сактоону суранат

Коом 0

Бишкек, 01.05.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандардан майрам күндөрү мыйзамдуулукту сактоону суранат.

ИИМдин басма сөз кызматы 30-апрелден тарта ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөндүгүн эске салат.

1-май — Эмгекчилердин күнүн, 2-май — Орозо айт, 9-май — Жеңиш күнүн майрамдоо учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ИИМдин түзүмдөрүнүн жана Ички аскерлеринин 10 миңден ашык кызматкерлери жана аскер кызматчылары тартылган.

Бардык бөлүмдөрдө майрамдоо мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган өздүк курамга саптык кароолор өткөрүлдү. Нөөмөт бөлүктөрдүн алдында күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топтор, ошондой эле жетекчи курамдын күнү-түнү кезметчилиги ишке тартылган.

Тиешелүү кызматтар тарабынан майрамдык иш-чаралар өтүүчү жайлар текшерилип, көзөмөлгө алынды.

Кылмыштуулукту жана мыйзам бузууларды алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасоо күтүлгөн жана профилактикалык каттоодо турган жарандардын жүрүм-турумуна карата көзөмөл күчөтүлдү.

Кошумча камсыздоо боюнча чаралар иштелип чыкты.

Кырдаалды курчутуу үчүн экстремисттик идеяларды алып жүргөн адамдардын курал-жарактарга, жарылуучу жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарга ээ болушун болтурбоо максатында өзгөчө маанилүү объекттерди, ошондой эле уруксат берүү тутумунун объекттерин коргоону кошумча камсыздоо боюнча чаралар иштелип чыкты.

ИИМ жарандарга сак болууну, майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан жерлерге айнек, сайуучу-кесүүчү буюмдарды алып келбөөнү жана шек жараткан буюмдарды байкаган учурда милициянын жакынкы бөлүктөрүнө өз убагында же “102” ыкчам телефон аркылуу маалымдоону, ошондой эле коопсуздук чараларына жана өткөрүү режимине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий