• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Жарандарды массалык түрдө жеткирүү тууралуу маалымат жалган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун мүчөсү, Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов брифингде билдиргендей, жарандарды Бишкектеги чыгыш автобекетинен массалык түрдө жеткирүү тууралуу маалымат жалган.

Анын айтуусуна караганда, күн мурун, 9-январда Боршайкомго чыгыш автобекетинен Нарын жана Ысык-Көл облусуна карай жарандарды массалык түрдө ташып жатышат деген маалымат түшкөн.

«Координациялык кеңештин мүчөлөрү жерине барып, териштирүү иштерин жүргүзүп, «Ак-жол автобекетинин» директору менен сүйлөшүп, ал бул маалыматты төгүндөдү», - деди ал.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаралардан соң маалымат такталган жок.

Пикир

Оставить комментарий