• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ жарандарды социалдык тармактарда жалган билдирүүлөрдү таратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы мезгилде WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактарда жарандар чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү тараткан учурлар көбөйдү.

"Ар кандай маалыматтарды текшерүү зарыл, андан ары таратпай, коомду дүрбөлөңгө салбоону өтүнөбүз. Жалган маалыматтын жайылышын алдын алуу маанилүү.Биз жарандарды жалган жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана интернетте жалган билдирүүлөрдү таратпоого чакырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билбөө жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий