• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 29.04..21. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекеттик бийлик кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүдө. Абал чыңалуу бойдон, бирок күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

"Учурда бардык кыргызстандыктардан акылмандык менен сабырдуулук талап кылынууда. Эң негизгиси кырдаалды турукташтырып, терс көрүнүштөргө алып келген аракеттерден алыс булушубуз керек. Бардыгыңыздардан абалды курчутуп салбаш үчүн такталбаган маалыматтарды таратуудан жана комментарий берүүдөн алыс болууга чакырабыз", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий