• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат. Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, коронавируска байланыштуу жалган жана чагымчыл маалымат тараткандарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырат. Ошондой эле, азыркы учурда социалдык тармактарда белгисиз адамдар үйлөрдү дезинфекциялоо шылтоосу менен кирип, уктатуучу каражаттарды сээп, кылмыш жасап жаткандыгы жөнүндө маалыматтар тароодо. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Андан сырткары, жалган маалымат тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөөрүн белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу өз убагында маалымдалып турат.

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына "102" кызматы аркылуу маалымдап койгула", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий