• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 21 уюм экстремисттик, террористтик агым катары таанылган

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Жарандардын экстремисттик агымдарга азгырылуусуна билимсиздиги менен дин жөнүндө маалыматтарынын жоктугу себепкер болууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда жалпы алганда Кыргызстанда диний кырдаал салыштырмалуу туруктуу жана көзөмөлдө.

«Экстремизм» термини латын сөзүнөн которгондо «чектен чыккан» деген түшүнүк менен дал келет, тактап айтканда «чектен чыккан көз карашка жана радикалдуу аракеттерге ыктоо» дегенди түшүндүрөт. Демек, экстремизм түшүнүгү кеңири бир түшүнүк экендигин жогорудагы аныктамадан көрүүгө болот жана бул түшүнүктүн бир гана диний чөйрөдө эмес, башка чөйрөлөрдө дагы кеңири колдонулуучу бир термин экендиги, көптөгөн түрлөрү бар экендиги белгилүү. Мисалы жаштар экстремизми, спорттук экстремизм, саясий экстремизм, этностор аралык экстремизм сыяктуу түрлөрү бар. Мына ушул экстремизмдин түрлөрүнүн ичинен биз көбүрөөк диний экстремизм түшүнүгүнө басым жасадык.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында соттор тарабынан 21 уюм экстремисттик, террористтик агым катары таанылган жана алардын ишмердигине республиканын аймагында тыюу салынган. Азыркы учурда республиканын аймагында «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү жана жактоочулары басымдуу көпчүлүктү түзүшөт. Ошол эле учурда аталган уюмдан бөлүнүп чыккан «Йакын-Инкар» диний агымынын өкүлдөрүнүн да көбөйгөндүгүн
белгилеп кетүү керек.

Чындыгында ислам динин экстремисттер менен байланыштыруу туура эмес. Албетте, мындай уюмдардын жана адамдардын пайда болуусунун бирден бир себептери болуп, билимсиздик, дин жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдүн орун алышы жана ал адамдардын динди жамынып, өз кызыкчылыктарын көздөгөндүгүн белгилөөгө болот.

Бул уюмдардын жана адамдардын чыныгы ислам дини менен эч кандай бир байланышы жок экендиги жана анын ар дайым тынчтыктын дини экендиги аалымдар жана илимпоздор тарабынан көп эле жолу тастыкталып, айтылып келет. Теңирчилик, Жахабанын күбөлөрү, баптисттер сыяктуу жамааттарга карата коомчулук тарабынан да ар түрдүү сын — пикирлер айтылууда. Бул жаатта тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Негизинен, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолу – анын алдын алуу экендигин эске алуу менен республиканын аймагында диний экстремизмдин, улуттар жана аймактар аралык кастыктын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштурулуп жатат.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана аймактык ички иштер органдары кызыктар тараптар менен биргеликте жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары, студенттер жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери арасында алдын алуу түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө. Алсак, ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен республика боюнча 3000ден ашуун алдын алуу түшүндүрүү иш-чаралары лекция, семинар-тренинг, тегерек стол, форум, жолугушуу формаларында жүргүзүлдү.

"Азырынча мамлекеттин ички коопсуздугуна чоң коркунуч жарата тургандай кооптонуунун жок экендигин дагы бир жолу белгилөөгө болот. Диний экстремизмге каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу багытында ИИМдин Эксремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы башка тиешелүү органдар менен биргелешкен иш-мерчемдердин негизинде иш-чараларды дайыма жүргүзүп келе жатат.

Ошондой эле мындай учурларды такай анализдеп, көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, керектүү убакта мыйзам чегинде бөгөт коюп, катуу жоопкерчиликке тартылган учурлар да жок эмес", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий