• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Жасалма паспорт менен эки жакка чыгып жүргөн кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бишкектеги "Манас" аэропортунда Стамбулдан жасалма паспорт менен учуп келген кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 11-ноябрында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Ы.Н. аттуу аял башка бирөөгө жазылган жасалма паспорт менен Стамбулдан Бишкекке 2020-жылдын 12-ноябрында учуп келе тургандыгы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси ("Жасалма документтерди пайдалануу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө тапшырмасы алынып, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2020-жылдын 12-ноябрында саат 02:00дө "Стамбул-Бишкек" каттамы менен учуп келген учурда С.А. жарандын паспорту текшерилип, ыкчам иш-аракеттердин негизинде паспорту жасалма болгондугу аныкталган.

"Аталган жаран Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги аныкталды. Кармалган жарандын билдирүүсү боюнча жасалма паспортту Ош облусунун Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген жарандар жасап бергендигин белгилеген. Ал бул паспорт менен “Бишкек-Стамбул” каттамында дайыма эле барып-келип жүргөндүгүн да билдирген. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий