• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ жашы жете электер менен иштеген инспекторлордун тажрыйбасын жогорулатууда

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрына чейин КР Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин тапшырмасы менен республикасынын бардык аймагында ички иштер органдарынын жашы жете электер менен иштөө инспекторлунун иш-тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу семинарды ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги Н.Адылова, ИИМнин Э. Алиев атындагы Академиясынын административдик укук жана ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу А.Абдрахманов жана “Мобилдик автомашиналардын ишмердүүлүгүн колдоо Ассоциациясы” коомдук бирикмесинин директору Ш.Мамыров өттү.

Анда милициянын ишмердүүлүгүндө демократиялык принциптердин негизинде трансулуттук коркунучтардын, жашы жете электердин диний экстремизмге жана акыл-эске таасир этүүчү психотроптук каражаттардын жаңы түрлөрүнө тартылуусун, ошондой эле алардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышуусун алдын алууда, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине коргоо ордерлерин узартууда жана көзөмөлгө алууда кандай чараларды көрүү керектиги боюнча кенен түшүндүрмө берилип, суроо-жооп форматында талкууга алынды.

Мындан сырткары, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишмердүүлүктүн сапатын жакшыртуу үчүн башка министрликтердин аймактардагы бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин билдиришти.

Белгилей кетсек, КР ИИМдин жетекчилиги тарабынан окуучулардын арасында кылмыштарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы коюлган. "Бул тапшырмаларды аткаруу максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен милиция кызматкерлери ар бир мектептерди кыдырып, ата-энелер тарабынан жаш өспүрүмдөргө болгон көзөмөлдү күчөтүү, ошол эле учурда жаш өспүрүмдөрдүн окуу убагында интернет колдонушун жана интернет клубтарына барышына чектөө коюу, дүйнөдө болуп жаткан акыркы каргашалуу окуяларга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча лекцияларды, чогулуштарды жана калк менен жолугушуларды өткөрүү талабы коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий