• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, 12-ноябрь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына О.Н. аттуу жаран кайрылып, укук коргоо орган кызматкери ага карата ачылган деген сотко чейинки өндүрүш иши менен байланышкан маселени оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынган.

14-ноябрь күнү болжол менен саат 22:15те милиция жана финансы полициясынын кызматкерлери тарабынан шаардагы кафелердин биринде 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын У.М. аттуу тергөөчүсү, ички кызматтын кенже лейтенанты колго түшүрүлгөн.

Ал текшерүүгө алынып, анын курткасынын ички чөнтөгүндө Жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын У.М. аттуу тергөөчүсү, ички кызматтын кенже лейтенанты У.М. атына берилген кызматтык күбөлүк табылып, алынган.

Учурда тергөө Финансы полициясынын Тергөө башкармалыгынын тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий