• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. 2021-жылдын ичинде Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жаран өлкөнүн аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү 2021-жылдын ичинде сот өкүмүнүн аткарылышы менен Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жарандар биздин өлкөдөн чыгарып жиберилди. (Тажикстан – 13, Өзбекстан – 2, Казакстан - 4).

Алсак, 2021-жылдын январь айында Чүй облусунун аймагында Казакстан Республикасынын 1987-жылы туулган Ч.К. аттуу жараны баңгизаттарга байланышкан кылмышты жасагандыгы үчүн кармалган. Бул жаран Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан 1 жыл 5 айга эркинен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү жөнүндө өкүмү чыккан.

Ошондой эле 2021-жылдын апрель айында миграциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Тажикстан Республикасынын жарандары мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндүктөрү аныкталган. Текшерүү учурунда, ал жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өткөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча кармалган жарандар Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү жөнүндө өкүмү чыккан.

2021-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстан Республикасынын 1984-жылы туулган М.Ж. аттуу жараны жасалма документтерди колдонгондугу жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалган. Аталган жаран өзүнүн мекенинде оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун өкүмү менен 2 жыл 6 айга эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу чечим чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий