• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Жээнбеков эки айга камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депатуты Равшан Жээнбеков Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден белгилешкендей, ИИМ Тергөө кызматы Жазык кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүмүндө (барымтага алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган сотко чейинки өндүрүш ишин иликтеп жатат.

"12-декабрь күнү КР Жазык кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинде (массалык башаламандыкты уюштуруу), 39, 309-беренесинде (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) каралган кылмыштар боюнча шектелип КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Жээнбеков Равшан Бабырбекович кармалган. 14-декабрь күнү Равшан Жээнбековго карата Биринчи май райондук соту тарабынан 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алуу бөгөт чарасы каралды", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий