• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берүүнү убадалаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берүүнү убадалаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган Ж.к, аттуу тургуну кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү жаран Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен алган. Натыйжада 21 миң 500 доллар зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

"Кармалган жарандан жабыркаган адамдар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, анда 0702-20-40-70, 0705-00-88-08 номери аркылуу кабарлашса болот", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда бардык документтерди дыкат текшерүү керектигин, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү убашкаруу органдарына кайрылууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий