• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ жетекчилиги Токмоктогу зордуктоо фактысынын тергелишин көзөмөлгө алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Токмок шаарында жашы жете элек кызга карата жасалган кылмыш боюнча социалдык тармактарда тараган маалымат ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул ишти ар тараптуу тергөө министрликтин Тергөө кызматына тапшырылды.

Андан сырткары, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Чүй ОИИББдин жетекчилиги менен кызматкерлеринин аракеттерин текшерүү тапшырмасы берилди.

Эске сала кетсек, Токмокто милицияга арыз менен кайрылган аял анын 16 жаштагы кызы зордукталгандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий