• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ жетекчиси Ош шаарындагы милициянын өздүк курамы жана ардагерлер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ош шаарындагы милициянын өздүк курамы жана ИИМдин ардагерлер менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө министр Ош шаарына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык келгендигин билдирген.

"Ошко кылмыштуулук менен күрөшүүдө өлкө башчысынын, ИИМдин коллегиялык жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жеринде көзөмөлгө алуу максатында келдим", - деген ал.

Министр коомчулук тарабынан милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштары оң бааланып жаткандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле Жунушалиев коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлерин кыраакы болууга чакырган.

"Өзгөчө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө мыйзам талаптарынын так, убагында аткарылышын талап кылам", - деп баса белгилеген ИИМ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий