• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ Жогорку Кеңештин депутаттарынын суракка чакырылышы боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын суракка чакырылышы боюнча үн катты.

“Акыркы мезгилдерде жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянын кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоонун датасы жөнүндө ой-пикири бар эл ЖК депутаттарына укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар жарыяланууда. Аталган маалыматтар боюнча ИИМ төмөндөгүлөрдү билдирет: 5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып, бийлик алмашты. Ушул окуялар жана фактылар боюнча КР Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө, иликтөө иштерин колго алып сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, аталган иштин алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмеси түзүлгөн. Алдардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар да бар.

“Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөнүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, акыйкат жыйынтык чыгаруу керек. Октябрь окуяларынын жүрүшүндө окуяларга катышкан, аны билген, ал окуяларга аралашып жүргөндөр тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы суракка чакырылгандарды күбө катары гана сурап жатат. Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор да бар экендиги белгилүү. Ошол себептен октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок экендигин белгилейбиз”, – деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий