• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ИИМ: Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоого даярдык чаралары көрүлүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрында КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун аймагына болгон иш-сапарынын алкагында, КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйынына катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң БШК тарабынан Нарын облусундагы укук коргоо органдарынын катышуусунда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында шайлоо боюнча өткөрүлүп жаткан семинар-тренинг болуп өттү.

Анда Октябрь Урмамбетов депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, шайлоону үзгүлтүккө учуратууга багытталган аракеттерди болтурбоо, алдын алуу, ыйгарым укуктарга ылайык талапкерлердин административдик жана башка ресуртарды колдонушуна жол бербөө, аныкталган укук бузуулар боюнча тез арада мыйзамдуу чара көрүп, аныкталаган укук бузуулар жана аларга карата колдонулган мыйзамдуу чаралар тууралуу жалпыга маалыдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий