• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аялдын өздүгү такталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында өткөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аялдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"2020-жылдын 4-мартында С. Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен чогуу кол салган аялдын өздүгү такталган. Ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран болуп чыккан, Бишкек шаардык милициясына жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, аялга карата чара көрүүнү суранып ЖКнын кызматкерлерине да арыз жазышкан.

"Азыркы учурда Ч.Н., аттуу аялга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет, башкача айтканда, беренени квалификациялоо жагы каралат", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий