• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ИИМ: Жол кайгуул кызматынын инспектору каза болду. Кызматтык иликтөө башталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору каза болгон. Азырынча кырсыктын чоо-жайы белгисиз.

Аталган факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы окуянын чоо-жайын ачык жана так иликтөө максатында кызматтык иликтөөлөрдү баштады.

Пикир

Оставить комментарий