• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Журналист Болот Темировду сабагандар изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. “FactCheck” порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кеткендер изделүүдө жана бул ишти Ички иштер министрлигинин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда болжол менен саат 12:45те Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде Болот Темировго кол салуу болгондугу тууралуу “102” кызматына билдирүү түшкөн. Белгисиз адамдар “FactCheck” порталынын башкы редакторун сабап, уюлдук телефонун алып, качып кетишкен.

Азыркы учурда Бишкек шаардык милициясы тарабынан ыкчам иликтөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“"Factcheck" порталынын башкы редактору Болот Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ачуу багытында тапшырмалар берилди", - деп кошумчалашты ИИМден.

Эске сала кетсек, бүгүн түшкө маал “FactCheck” порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий