• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ жыл башынан бери каржы пирамидасынын ишине байланыштуу 906 фактыны аныктаган

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында каржы пирамидасынын ишине байланыштуу жалпысынан 906 факт аныктап, аларды иликтеген. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Ош шаарында - 16, Ысык-Көл облусунда - 886, Баткен облусунда - 1, Талас облусунда - 3.

875 факты боюнча иш сотко жөнөтүлгөн (Ош шаары - 14, Ысык-Көл облусу - 861), бир иш токтотулган, сотко чейинки өндүрүштө - 30 (Ош шаары - 1, Ысык-Көл облусу - 25, Баткен облусу - 1, Талас облусу-3).

Жарандарга келтирилген материалдык чыгым 34 млн 731 миң 331 сомду түзгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, учурда Ысык-Көл жана Талас облусунун аймактарында каржы пирамидаларды түзүү учурлары көп катталууда.

"Азыр Ысык-Көл жана Талас облустарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматтарынын өндүрүшүндө каржы пирамидасынын принцибинде иштеген уюмдарга карата бир нече кылмыш иштери бар. Алсак, "Улан-Амал", "Балыкчы-Ынтымак", "Ырыскы", "Аккуу", "Ак-Тилек", "Жүрөккө-Жүрөк", "Жүрөккө-Жүрөк Тоң", "Кут", “Нью-Миллениум”, “Манийклуб” жана акыркы факт Талас облусундагы "Эл Биримдиги"", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон кошумчалашкандай, Балыкчы шаарында каржы пирамидаларынын ишине байланыштуу бир нече фактылар катталды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, каржы пирамидалары мөөнөтсүз түзүлүп алып, кыска убакыттын ичинде алар өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылы аныкталган маалыматтар боюнча гана жалпы чыгым 19 миллион сомдон ашкан.

2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Балыкчы шаарында КЖБРде 863 материал катталып, анын 861 материалы сотко өткөрүлүп берилген.

Мисалы, Талас облусунда “Эл Биримдиги” фондунун алдындагы “каржы пирамидасын” уюштурган адам жакында кармалган. Ал Талас облусунун 1984-жылы туулган тургуну Т.К. болуп чыккан. Ага карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган адамга карата тергөө кызматына 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Жалпы материалдык чыгым 13 миллион сомдон ашкан.

Кармалган адамга байланыштуу тергөө кызматтарына 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Жалпы материалдык чыгым 13 миллион сомдон ашты.

Ош шаары боюнча “Нью-Миллениум” каржылык пирамидасы боюнча 2020-жылы өндүрүшкө 16 факт катталып, анын ичинен 14 кылмыш иши сотко кароого жөнөтүлүп, 1 кылмыш иши токтотулуп, учурда 1 кылмыш иши тергелип жатат. Жалпы материалдык чыгым 2,5 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Баткен облусунда "Маниийклуб" каржы пирамидасы боюнча бир кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 79 миң сомдон ашты.

"Каржы пирамидасынын моделинин азыркыга чейин бар экендигинин жана эч качан жоголбой тургандыгынын башкы себеби - адамдардын ачкөздүгү, тез арада байып кетүүгө умтулуусу. Биздин өлкөдө адамдар тез арада байууну эңсешет.

Ички иштер министрлиги дагы бир жолу эскертет! Эгерде сизге жогорку киреше жана акча табуунун оңой жолдорун сунуштап жатышса, анда токтоосуз аргументтерди укпастан кетишиңиз керек - алдамчылар адатта жакшы манипулятор болушат жана адамга психологиялык жана эмоционалдык таасир көрсөтүүнү мыкты өздөштүрүшкөн. Сизди тез эле алдап, акчага козүңузду кызатышы толук мүмкүн. Сиз мунун бардыгы кезектеги "алдоо" экендигин түшүнүшүңүз кажет. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 214-беренеси (Финансылык пирамидаларды уюштуруу) боюнча ылайык иликтенет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга каржы алдамчыларынан этият болууга чакырат, эсиңиздер болсун:

Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калса, же сизге каршы мыйзамсыз иш-аракеттер пландалып жатат деп шектенип жатсаңыз, дароо милицияга кайрылыңыз! Урматтуу жарандар! Каржылык пирамидасынын алдамчыларынын курмандыгы болуп калбаңыз! Куру кыял мас кылат! Бекер тамак капканда гана болоорун эстен чыгарбаңыз. Сактыкка кордук жок! Алдамчыларга ишенбеңиз", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий