• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Жыл башынан бери мал уурулук боюнча 261 кылмыштын бети ачылган

Коом 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 4 ай ичинде республикада мал уурулук боюнча 261 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан мал уурулуктун бетин ачуу, алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.

"Мал уурулук – бул айыл тургундары үчүн чыныгы көйгөй, мындай кылмыштуу аракеттерден айылда жашаган жарандар жапа чегүүдө. Мал уурулуктун көйгөйлөрү, аны сактап калуунун себептери жана ыкмаларын байма-бай айтканыбыз менен жарандар малдарынын коопсуздугуна кайдыгер мамиле кылып келишет. Малдарын жайытка же жайлоого кароосуз кое берүү жана короо жайга өзгөчө мамиле жоктугунан мал уурулар эч тоскоолдуксуз кылмыштарын улантууда. Өз убагында кайрылбаган учурлардан улам уурулар да издерин суутуп кетишүүдө", - деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын 4 айында мал уурулук боюнча 389 кылмыш иши катталып, 261 кылмыштын бети ачылып, кылмыштуулуктун бетин ачуу 67,0 пайызды түзгөн.

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, мал уурулуктун 322 фактысы түн ичинде, 64 факты күндүзү, анын ичинен менчик сарайлардан 179 жолу, жайыттан жана талаадан 178 жолу уурдалган.

Ошондой эле ушул аралыкта 100дөн ашуун мал уурулук жасаган 39 кылмыштуу топ кармалган. Төрт ай ичинде мал ээлерине келтирилген зыяндын кайтарып берилиши 17 миллион 370 миң сомду түздү. Талдоо көрсөткөндөй, мал уурулуктардын көбү түнкүсүн болот.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандардан мал-жандыктарына сак болууну жана өз убагында милицияга кайрылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий