• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Жыл башынан бери милиция кызматкерлери 97 миңден ашуун окуя болгон жерге барышкан

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн ыкчам тергөө топтору окуя болгон жерге 97 миң 332 жолу чыгышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен: 2 миң 304 жалган чакыруу, кылмыш жана жорук фактылары боюнча 77 миң 979, медициналык мекемелерге (криминалдык мүнөздөгү жаракаттар) 17 миң 49. Тергөө-ыкчам топтор 1 миң 867 кылмыштын бетин ачышты.

ИИМдин борбордук аппаратынын ыкчам нөөмөтчүлөрү тарабынан 5 миң 455 телефон чалуу каралды: криминалдык мүнөздөгү – 1 946, коомдук–саясий мүнөздөгү – 831, маалыматтык – маалымдама мүнөзүндөгү – 2 678.

"Күн сайын жетекчи курам тарабынан нөөмөтчү топторго республиканын аймагындагы коомдук-саясий жана криминалдык абал тууралуу мааалымат берилип, нөөмөт убагында жеке жоопкерчилиги тууралуу, өз милдеттерин так аткарууга тапшырмалар коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий