• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2,1 тоннадан ашуун баңгизат алынган

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2022-жылдын 3 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, БМЖККК 2022-жылдын 1-чейрегинин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болут өттү.

Кызматкерлердин кесипкөйлүгү менен өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 2 тонна 193 кг 460 гр баңгизат каражаттар, психотпроптук заттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинде:
- апийим 4 кг 324 гр;
- героин 5 кг 619 гр;
- каннабистин чайыры (гашиш) 30 кг 366 гр;
- марихуана 47 кг 304 гр;
- кара куурай 3 кг 749 гр;
- каннабистин саманы 458 гр;
- психотроптук заттар жана башкалар 8 кг 034 гр;
- прекурсорлор 2 тонна 094 кг 053 гр.

Конфискацияланган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун орточо чекене баасы 93 млн 944 миң 282 сомду түзөт.

КР ички иштер органдарынын алдын ала маалыматына ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп 385 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган.

БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов тарабынан Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын оор түрлөрүн алуу, маалыматтык-телекоммуникациялык технолгияларды пайдалануу менен баңгизат каражаттарды сатууга жана Интернет тармактарында баңгизаттарга үгүттөөгө карыш күрөшүүнү күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.

Кеңешменин жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүндөгү төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон башкармалыктарга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан сырткары, өзүнчө башкармалыктардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү ишмердүүлүктөрүндөгү кечмиликтер белгиленип, бир катар жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазага тартылышкан.

Пикир

Оставить комментарий