• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

- героин – 33 кг 092 гр;

- апийим – 7 кг. 730 гр;

- гашиш – 92 кг 108 гр.

- марихуана – 65 кг 143 гр.

- каннабистин өсүмдүгү – 3 кг 655 гр

- психотроптук заттар – 12 кг. 900 гр;

- прекурсорлор – 3 т 200 кг;

- чекенди – 142кг;

- башка түрлөрү – 25кг 594 гр.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп 720 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган. Алынган баңгизаттардын орточо баасы 3 млрд 165 млн 545 миң 757 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий