• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Жыл башынан бери окуя болгон жерге 16 миң кароо жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. КР ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун кызматкерлери дактилоскопиялык, трасалогиялык, кол жазманы таануу, баллистикалык экспертизаларды жана баңгизат, спирт камтыган каражаттарды химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, адистер кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошушууда. Ушул жылдын 9 ай ичинде 15 миң 992 окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүгө, 4 миң 294 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 1 миң 958 тергөө амалдарына катышкан.

Автоматташтырылган идентификациялык издөө тутумун пайдалануу менен ыкчам анализди талдоо аркылуу 231 кылмыш ишинин бети ачылып, 217 адам кармалган.

Жалпысынан 3 373 экспертиза жүргүзүлдү: 1 745 дактилоскопиялык, 96 трасологиялык, 247 ар кандай куралдарды изилдөө, 507 баллистикалык, 139 техника-криминалисттик, 208 кол жазма таануу, 429 баңгизаттарды изилдөө, 2 жарылуучу каражаттарды техникалык изилдөө боюнча экспертизалар жүргүзүлгөн. Андан сырткары, 703 профессионалдык изилдөө жүргүзүлгөн. 171 өздүгү таанылбаган адамдын өлүгү идентификацияланган.

“СОНДА” автоматташтырылган маалымат базасына 9 497 дактилокарта менен 2 280 колдун издери киргизилген.

КР ИИМдин Криминалисттик борборунда “ТАИС” автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутум иштөөдө. Аталган тутум куралдар жөнүндө маалыматтарды издөө жана сактоо үчүн арналып, экспертизага келип түшкөн гильзаларды жана окторду кыска убакыттын ичинде текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

2020-жылдын 9 ай ичинде маалымат тутумуна 602 катталган ок атуучу куралдар үлгүлөрү, октор жана гильзалар, 465 жаракаттандыруучу тапанча, 3 576 криминалдык обьектилер киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий