• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМде баңги кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү боюнча бирдиктүү иштер талкууланды

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-март күнү Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана перекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбор Азиядагы аймактык маалыматтык координациялык борборунун директору, милициянын генерал-майору Мирализода Рустам Азиз менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, жолугушууга ИИМдин компетенттүү бөлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү, Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана перекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбор Азиядагы аймактык маалыматтык координациялык борборунун адиси, милициянын полковниги Азиз Долосбаев катышты.

Жолугушууда бүгүнкү күнү улуттар аралык баңги кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү боюнча катышуучу-мамлекеттердин компотенттүү органдарынын күчтөрүн координациялоонун натыйжалуу механизми болуп саналган жогорудагы Борбордун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү талкууланды. Ошондой эле, бир катар долбоорлор менен келечектүү программалар каралды.

ИИМдин башчысынын орун басары бул Борбордун өкүлдөрүнө көптөгөн жылдар бою ички иштер министрлиги менен кызматташып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.

“Биз 10 жылдан ашык кызматташып жатабыз. Бул убакыт аралыгында Борбор аймактарда баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүү менен күрөшүүгө маанилүү салым кошуп, эл аралык аренада жогорку абройго ээ болду. Аталган Борбор аймактарда баңги коопсуздугун бекемдөөгө багытталган күч-аракеттерди координациялоонун натыйжалуу ыкмасын аныктап, кызматташууда топтолгон тажрыйбаны жалпылоого жардам берди. Өз кезегинде бул Борбордун директору эл аралык баңгизаттарга каршы операциянын алкагында баңгизаттардын ири партиясын алуу боюнча операция ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгиледи. Мындан аркы кызматташууну улантуу керектигин жана ИИМ өткөрүлүп жаткан иш-чараларда активдүү катышуучу экендигин билдирди",-деди Э.Аширходжаев.

Тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө бирдиктүү эл аралык операциялардын ийгиликтерине токтолушту. Жолугушуунун расмий бөлүгү жыйынтыкталган соң, катышуучулар КР Ички иштер министрлигинин музейине барышып, Кыргыз милициясынын негизделишинин тарыхы, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эрдиктери жөнүндө эскеришти. Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана перекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбор Азиялык аймактык маалыматтык координациялык борбору баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча макулдашылган бирдиктүү эл аралык операцияларды уюштуруу, өткөрүү жана координациялоодо мамлекеттер аралык органдарга жардам көрсөтүүчү борбор болуп саналат.

Андан сырткары, борбор баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан улуттар аралык кылмыштуулук боюнча маалыматтарды топтоону, сактоону, коргоону, анализдөөнү жана бөлүшүүнү камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий