• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМде Чыгыш Европа жана БА өлкөлөрүнүн баңги саясаты боюнча комиссиясы менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бишкекте КР Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун Польша Республиканын экс-президенти, Чыгыш жана Борбордук Европанын жана Борбордук Азиянын баңги саясаты боюнча Глобалдык комиссиясынын мүчөсү Александр Квасневский менен жолугушуусу өттү.

Ведомствонун басм а сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле жолугушууга баңги саясаты боюнча Глобалдык комиссиянын мүчөлөрү Павел Бем, Мишель Казачкин, Эльвира Сурабалдиева, Латвия университетинин профессору Андрис Пибаль, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Витенис Андюкайтис, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султановдор дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, баңги кылмыштары менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо, баңги заттарды колдонуунун алдын алууга багытталган натыйжалуу жана туруктуу саясатты иштеп чыгуу, баңги заттарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча бир катар региондук жана республикалык деңгээлде маселелер талкууланды.

КР ИИМ башчысынын биринчи орун басары Бийбосунов КР Ички иштер министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен баарлашууда ачыктык принцибин колдойт, алардын бири сиздердин комиссия болуп саналат деп белгиледи.

"БУУнун адистештирилген институттарынын жардамы менен Кыргыз Республикасында баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндө натыйжалуу мыйзамдар түзүлдү, бир катар стратегиялык пландаштыруу документтери, анын ичинде КР өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы күрөшүү программасы кабыл алынды, анда баңги заттарга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери түзүлгөн.

Бул багыттагы иштер улантылууда. Биз бул жаатта мыйзамдарыбызды жогорку эл аралык стандарттарга жакындатуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Ал эми бул маселеде Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баңгизат саясаты боюнча комиссиясы менен өз ара аракеттенүү белгилүү бир оң натыйжаларды бере алат", - деди ал.

Жолугушуунун соңунда тараптар көп жылдардан бери калыптанып келе жаткан достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө аракет кыларына ишенимин билдиришти.

Белгиленгендей, жолугушуу жылуу маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий