• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМде эл аралык мелдеште жеңишке жеткен аскер кызматчыларын куттукташты

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлердин колбашчысы И.Кенжекулов кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште жеңген аскер кызматчыларын куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 8-апрелинен 12-апрелине чейин Түркия Республикасынын Анталья шаарында «Turkish Open Kickboxing European Cup» аталышындагы кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү.

Анда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары улук лейтенант Авазбек Аманбеков (60 кг. салмакта) жана лейтенант Рустам Ибрагимовдор (63,5 кг. салмакта) жеңүүчү деп табылып, алтын медалдардын ээси болушту.

Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 14-апрель күнү ИИМдин Ички аскерлердин колбашчысы, полковник И. Кенжекулов жеңиш ээлерин куттуктады. Өз сөзүндө колбашчы спортчуларга мындан ары да ийгиликтерге жетише беришин каалоо менен спорттук чеберчиликти бекемдөө аркылуу спорт чөйрөсүндө мындан да жогору бийиктиктерди багындыра беришине тилектештигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий