• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМде Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстан Республикасынын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстан Республикасынын маалыматтык жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү департаментинин директору Дархан Ахмедиев, IT продуктуларды экспорттоо департаментинин башкы эксперти Мирас Зәкиев, “Улуттук маалыматтык технологиялар” акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары Нурлан Курмалаев, ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги Сүйүнбек Ниязбеков, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов, Бишкек ШИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов катышты.

Жолугушуу учурунда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, “Азыркы учурда Ички иштер министрлиги “Санариптүү Кыргызстан 2019-2023-жылдар” санарип транформациялоо Концепциясына ылайык, санариптештирүү иштери четте калбай, Концепцияда камтылган иш-чараларды ишке ашырууну улантып келе жаткандыгын билдирди.

Санариптештирүү багытында Ички иштер министрлигинин чоң жетишкендиктери бар, мисал катары атасам - Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Командалык борбору түзүлгөндүгүн белгилей кетсем, ал укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча күнү-түнү визуалды
байкоо жүргүзөт. Аймактардагы жана Бишкек шаарындагы бардык байкоо камералары Командалык борборуна кошулуп борборлоштурулган”, – деп белгиледи.

Өз кезегинде казак тарап Казакстан Республикасынын укук коргоо тутумуна санарип технологияларды киргизүү тажрыйбасын, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү тажрыйбасынын оң динамикасын, ички иштер органдарынын ишинде заманбап технологиялардын жогорку натыйжалуулугу тууралуу көргөзмө менен тааныштырышты.

Министр Улан Ниязбеков коомдук тартипти жана маалымат коопсуздугун камсыздоо максатында укук коргоо органдарынын ишине санариптештирүү менен заманбап технологияларды киргизүү боюнча казакстандык кесиптештердин тажрыйбасын алмашуусуна маани берип, министрликтин кызыкчылыгы бар экендигин тастыктады.

Жолугушуу иштиктүү жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий